Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:50

Еврошаркет жана төрт элчилик Бишкекти сөз эркиндигин коргоого чакырды


Биргелешкен билдирүүгө Кыргызстандагы АКШ элчилиги баштаган төрт элчилик, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кол койгон.
Биргелешкен билдирүүгө Кыргызстандагы АКШ элчилиги баштаган төрт элчилик, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кол койгон.

Журналисттерге каршы кылмыштар үчүн жазасыз калууну токтотуунун эл аралык күнүнө карата Кыргызстандагы АКШнын, Британиянын, Германиянын, Франциянын элчиликтери жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү кыргыз бийлигине кайрылды. Биргелешкен билдирүүдө эркин журналистика өлкөнүн өнүгүшү үчүн маанилүү экени белгиленген.

"Журналисттер коомчулукка маалымат берип, түрдүү көз карашты чагылдырууга мүмкүндүк берет. Көз карандысыз жана түркүн маалымат каражаттары гана жарандарга бийликтерин жоопкерчиликке тартууга керектүү маалымат алууга жардам бере алат. Эркин ЖМК ачык-айкындуулукту жана демократиялык өнүгүүнү камсыз кылган коом үчүн маанилүү. Ошондуктан, дүйнө жүзүндөгү өкмөттөр журналисттердин өз ишин аша чапкан кысымсыз өз алдынча жүргүзүүсү үчүн коопсуз жана ыңгайлуу чөйрөнү өркүндөтүүсү жана түзүшү керек. Көз карандысыз журналистика Кыргызстандагы демократияны жана экономиканы өнүктүрүү жана чыңдоо дымагын колдойт. ЖМКнын эркиндиги жана сөз эркиндигине болгон укук өлкөнүн Конституциясы менен корголот. Биз кыргыз өкмөтүн адамдын бул негизги укугун коргоого жана өнүктүрүүгө чакырабыз",-деп жазылган билдирүүдө.

Бул билдирүү Кыргызстанда "Азаттыктын" сайты эки айга бөгөттөлүп, банктагы эсеби сот чечими жок жабылган жана айрым эркин журналисттер камалып, соттолуп жаткан маалга туура келди.

"Азаттык Медианы" эсебине эч кандай түшүндүрмөсүз бөгөт коюлганы тууралуу мекемени тейлеген "Демирбанк" 31-октябрда маалымдаган. Банктын өкүлдөрү бул тууралуу телефон аркылуу оозеки ырастап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын айткан.

"Азаттык Медиа" банкка жана УКМКга расмий түшүндүрмө сурап кат жөнөттү. Азырынча эки тараптан тең жооп боло элек.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган.

"Эркин Европа / Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай эркин медианын үнүн басуу Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн - авторитардык ыкма экенин билдирген.

27-октябрда министрликтин адистери "Азаттык Медиа" мекемесинин каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кеткен.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс, Human Rights Watch уюму, "Журналисттерди коргоо комитети" баштаган бир катар эл аралык уюмдар "Азаттыктын" сайтынын бөгөттөлгөнүн сындады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG