Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:20

Журналист Семетей Талас уулу милицияда сурак берип жатканы кабарланды


Семетей Талас уулу милицияга алып келинди. 1-ноябрь, 2022.
Семетей Талас уулу милицияга алып келинди. 1-ноябрь, 2022.

Журналист Семетей Талас уулу Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип жатканы кабарланды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" билдирди. Мындан төрт саат мурда, 15:00гө жакын Талас уулу суракка кирип баратканын "Азаттыкка" ырастаган.

ИИМ журналисттин кармалышы тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Талас уулу буга чейин социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси тууралуу пикирин байма-бай жазып келген.

Ушул жылдын башында ал Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды таратуу” деген беренесинин негизинде козгогон кылмыш ишинин алкагында сурак берген. Cурактан чыккандан кийин "чоң иликтөө жүрүп жаткан ишке байланыштуу күбө катары чакырылганын" айткан.

41 жаштагы Семетей Талас уулу эркин журналист катары белгилүү. Rөбүнчө уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция темалары боюнча макалаларды жазат. Соңку жылдарда эркин журналист катары социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу коомдогу ар кыл окуяларга өз пикирин активдүү жазып келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG