Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:37

Элдик курултайдын сайты ачылат


Өзгөндөгү курултай. 15-октябрь, 2022-жыл.
Өзгөндөгү курултай. 15-октябрь, 2022-жыл.

Мамлекеттик катчы, Элдик курултайды уюштуруу комитетинин башчысы Сүйүнбек Касмамбетов "Биринчи радиого" берген маегинде элдик курултайдын сайты ачыла турганын билдирди. Анда курултайда көтөрүлгөн маселелер, сунуштар жазылып, иш-чаранын программасы жарыяланат. Андан тышкары кабыл алынган сунуштар, мыйзамдар тууралуу да маалыматтар чыгып турат.

"Мурдараак курултайдын жыйынтыгы боюнча кандай иш жүрөт деген суроо көп берилчү. Айрымдар курултайды жылына бир өтүп, анан унутулуп калчу жыйын катары түшүнчү. Курултай - бийлик менен элдин эч кандай ортомчусуз, түз байланышы", - деди Касмамбетов.

Президент Садыр Жапаров 16-августта "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Анда 25-ноябрда Бишкекте биринчи элдик курултай чакырылары жазылган. Жарлыкка кол койгон күнү мамлекет башчы курултай тууралуу пикирин "Фейсбуктагы" баракчасына жазып, анда бийликтин бардык бутактары элге отчет берерин жана бийлик делегат тандоого кийлигишпесин билдирген.

Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек.

Курултайга 800 делегат катышары айтылган. Учурда жер-жерлерде делегаттарды шайлоо жүрүп жатат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG