Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:47

Жактоочу Алымкадыр Бейшеналиевдин кылмыш иштери токтотулганын билдирди


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон бардык кылмыш иштери токтотулду.

Бул тууралуу анын адвокаты Кайсын Абакиров "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу иш август айында токтотулган. Бейшеналиевдин ишин тергеп жаткан Ички иштер министрлиги маалыматка байланыштуу комментарий бере элек.

Бейшеналиев июнь айынын башында "коррупцияга" айыпталып камакка алынып, 16-июнда кайра үй камагына чыккан. Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң сомго вакцина сатылып алынганы үчүн айып койгон жана Бейшеналиевге жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген.

16-августта Бейшеналиевге вакцинага байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулганын анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирген. Ал Ички иштер министрлиги кылмыштын курамы жок болгондуктан ушундай чечим чыгарганын белгилеген.

Мурдагы министрге карата "коррупция, "кызмат абалынан кыянат пайдалануу, "акча талап кылуу" беренелери менен жети кылмыш иши козголгон.

Убактылуу кызматынан четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 19-августта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматтан бошотулган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG