Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:13

ИИМ Семетей Талас уулуна "хизбутчуларга" байланыштуу айып коюлганын кабарлады


Семетей Талас уулу
Семетей Талас уулу

Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналист Семетей Талас уулунун кармалышына байланыштуу комментарий берди. Милиция тараткан маалыматка ылайык, журналистке буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгү (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгон. Бул факт Улуттук коопсуздук комитетинде катталган.

"Комплекстүү соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Анда социалдык тармактын колдонуучусунун билдирүүсүндө Кыргызстанда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмуна таандык маалымат камтылган" деген корутунду чыгарылган. Семетей Талас уулу Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына киргизилди, ишти иликтөө уланууда", - деп жазылган маалыматта.

Семетей Талас уулунун жакындары жана жактоочусу буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек. Ал 1-ноябрда камалган жана сот бөгөт чарасын карай элек.

Журналист жыл башында УКМКга Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды таратуу” деген беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берген. Сурактан чыккандан кийин "чоң иликтөө жүрүп жаткан ишке байланыштуу күбө катары чакырылганын" айткан.

Ал буга чейин социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси, камалгандар тууралуу пикирин байма-бай билдирип келген.

41 жаштагы Талас уулу эркин журналист катары белгилүү. Көбүнчө уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция темалары боюнча макалаларды жазат. Соңку жылдарда эркин журналист катары социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу коомдогу ар кыл окуяларга өз пикирин активдүү жазып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG