18 жаштагы жоокердин табышмактуу өлүмү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Айдаркенде армияда кызмат өтөп жүргөн 18 жаштагы жоокер Айжигит Таалайбек уулунун сөөгү өзү туулуп өскөн Кара-Суу районунда 11-ноябрда жерге берилди. Расмий маалыматта бир ай мурда аскерге чакырылган жоокер оорудан көз жумганы айтылса, жакындары ага ишенбей жатат.