Москвадагы "Садовод" базарында өрт чыкты

Москвадагы "Садовод" базары.

Москвадагы "Садовод" базарында өрт тутанып, ал жактагыларды эвакуациялоо башталды. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги Өзгөчө кырдаалдар кызматына таянып жазды.

Маалыматка караганда бир нече соода контейнери күйүп кеткен. Жеринде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат. Жабыркагандар тууралуу маалымат түшө элек.

Базардын жалпы аянты 40 гектарды түзөт. Андан жылына 36 миңдей киши соода кылат.

"Садовод" базарында негизинен борбор азиялык мигранттар эмгектенишет.

Дагы караңыз

Казакстанда башаламандык уюштурууга айыпталып жети киши кармалдыМьянмада алты миңдей адамга мунапыс жарыяландыБишкекте Кемпир-Абад боюнча нааразылык акциясы өтүүдөСадыр Жапаров Төрт-Көчө тилкесине нейтралдуу, статус-кво макамы берилерин айтты (видео)