Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Бишкекте Кемпир-Абад боюнча нааразылык акциясы өтүүдө


Максим Горький атындагы гүлбакта өтүп жаткан нааразылык акция. 17-ноябрь, 2022-жыл. Бишкек
Максим Горький атындагы гүлбакта өтүп жаткан нааразылык акция. 17-ноябрь, 2022-жыл. Бишкек

17-ноябрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы нааразылык акция өтүп жатат. Жыйырма чакты киши Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрбөөгө чакырышты.

Ушундай эле талап коюлган акция Ош облусунун Өзгөн районунун акимчилигинин алдында да өтүп жатат.

Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун карап жатат.

Президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев Өзбекстан менен чек араны тактоодо Кыргызстан утушта экенин айтышты.

Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.

Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы, активисттер “массалык башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакка алынды. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат. (BTo/GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG