Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:09

Кемпир-Абаддын жанындагы үйлөр маселеси кантип чечилери айтылды


Кемпир-Абад.
Кемпир-Абад.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгиндеги сууну коргоо зонасында отурукташкан элди башка жакка көчүрүү же бул зонанын чегин кыскартуу маселеси өкмөт менен бирге талкууланып чечиле турганын бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу маселе талкууланып жатканда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Депутат Талант Мамытовдун "900 деген белгиден дагы 500 метр ары жак сууну коргоо зонасына кирет экен. Демек, ошол 500 метр аралык ичинде үйлөр болсо алар көчүрүлүүгө жатабы же жатпайбы?” деген суроосуна жооп берип жатып Ташиев 500 метрлик зона тууралуу аныктаманын Өзбекстанга тиешеси жок экенин, ал Кыргызстандын "Суу ресурстарын башкаруу жөнүндө" мыйзамында жазылганын белгилеп, төмөнкүчө жооп берди:

“Биздин мыйзам боюнча көчүрүүгө жатат. Бирок ушул мыйзам бүгүнкү күнгө чейин сакталбай келди. Азыр Кемпир-Абад боюнча 900гө түшүрөбүзбү, 908де калтырабызбы, бул 500 метрлик аралык тууралуу мыйзам сакталбай келген. Эми мындан ары маселени өкмөт менен чогуу чечсе болот – же сууну коргоо зонасынын 500 метрин азайтабызбы же ошол адамдарды көчүрүп чыгабызбы башка жакка”.

Жыйынга катышып жаткан өкмөт өкүлдөрү 500 метрлик зона тууралуу мыйзамда ал жерге оор курулуштарга, үйлөргө, сууга зыян келтирүүчү курулуштарга уруксат жок экени, жеңил курулуштар Суу департаменти уруксат берсе гана курулары тууралуу жазылганын айтышты.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөт аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатат.

Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар – мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.

Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы, активисттер “массалык башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакка алынды. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG