Июнь окуясы: Сотко Жапаров менен Ташиев чакырылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

1-декабрда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Июнь окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, саясатчылар Бектур Асановдун, Кеңешбек Дүйшөбаевдин, Исмаил Исаковдун иши карала баштады. Сот президент Садыр Жапаровду, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Акматбек Келдибековду жана Талант Мамытовду күбө катары чакыруу өтүнүчүн канааттандырды.