«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу боюнча талаа иштери аяктады

Иллюстрациялык сүрөт.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу боюнча талаа иштери аяктаганын бүгүн 9-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаров менен жолугушууда Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ху Чунхуа билдирди.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, ал кытайлык адистер тобу темир жол курула турган аймактарда жеринен иш жүргүзүп бүткөнүн, жакынкы арада техникалык-экономикалык негиздемелер Кыргызстандын жана Өзбекстандын адистерине экспертиза жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилерин айтты.

Мамлекет башчысы Жапаров бул долбоор “Бүтүндөй аймактын экономикалык өнүгүүсүнө баа жеткис оң таасирин тийгизет жана Кытай төрагасы Си Цзинпиндин «Бир алкак — бир жол» демилгесин ишке ашыруудагы маанилүү звено болуп калат" деп белгиледи.

Дээрлик 20 жылдан бери талкууланып келе жаткан бул темир жолу боюнча чечим кабыл алынбай келет. Жолдун наркы болжол менен 5 миллиард долларга бааланган.

Акыркы жылдары темир жол багытынын бир нече версиясы талкууланган. Бүгүнкү күндө эң эле алгылыктуусу катары Торугарт−Арпа−Макмал−Жалал-Абад темир жолу болорун быйыл май айынын башында "Кыргыз темир жолунун" жетекчилиги билдирген. Дагы бир вариант – 8 чакырымга кыска Кара-Суу аркылуу өтө турган багыт. (RK)

Дагы караңыз

Украина: Орусия чыгарып кеткен балдар дайынсызОрозайым Нарматованын камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылдыЖогорку Кеңештеги “көмүскө кардиналдар”ЕАЭБдин Бишкек саммити эмне үчүн маанилүү?