Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Орозайым Нарматованын камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды


Орозайым Нарматова.
Орозайым Нарматова.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, активист Орозайым Нарматованын камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Бүгүн 9-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, абак мөөнөтүн 20-февралга чейин узартты.

Нарматовага 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) менен дагы бир айып тагылганы да белгилүү болду.

Нарматова Кемпир-Абад ишине байланыштуу "жапырт башаламандык уюштурууга даярданды" деген шек менен Москвада кармалып, 27-октябрда Бишкекке жеткирилген.

Биринчи Май райондук соту аны эки айга Бишкектин №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камоо чечимин чыгарып, 16-ноябрда Бишкек шаардык соту чечимди өзгөртүүсүз калтырган.

23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан отузга жакын адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги алар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген. Камалгандар муну саясий куугунтук деп айтып жатышат.

Орозайым Нарматова президент Садыр Жапаров камалганда аны активдүү коргоп чыккан тарапташтарынын бири болгон. 2020-жылы октябрда бийлик алмашкандан кийин Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутат болуп келген.

Быйыл январь айында Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) анын мандатын жокко чыгарган. Мындай чечимге Нарматованын жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болгон.(BTo/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG