Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:19

Маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов акыркы сапарга узатылды


Маркум Мамашарип Чотонов менен коштошуу зыйнаты. 09.12.2022-ж.
Маркум Мамашарип Чотонов менен коштошуу зыйнаты. 09.12.2022-ж.

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов бүгүн, 9-декабрда акыркы сапарга узатылды.

Маркум менен коштошуу зыйнатына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, билим берүү жана илим министри Улан Мамбетакунов, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, маданият ишмерлери жана шакирттери катышты.

8-декабрда оорудан улам акка моюн сунган Мамшарип Чотонов 1968-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар айылында туулган.

Чотонов 2014 -жылдын апрелинен бери аталган университетти башкарып келаткан.

2019-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан экономика илимдеринин доктору илимий наамы ыйгарылган.

Маркумдун сөөгү бүгүн, 9-декабрда Бишкектеги Ала-Тоо жаңы конушундагы көрүстөнгө жерге берилди. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG