Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун курууга орусиялык компаниялар катышат


Жаңы темир жолунун курулушун баштоо салтанатына президент Садыр Жапаров катышкан.
Жаңы темир жолунун курулушун баштоо салтанатына президент Садыр Жапаров катышкан.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы Орусиянын компаниялары Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун курууга катышарын билдирди. Буга байланыштуу аталган мекеме "Орусиялык экспорттук борбор" жана "РЖД интернешнл" компаниялары менен 9-декабрда Бишкекте үч тараптуу меморандумга кол койду.

"Бул документ темир жол долбоорун чогуу ишке ашыруу үчүн өз ара кызматташуунун формасын жана шарттарын аныктайт. Долбоордун биринчи этабында 63 чакырымды түзгөн Балыкчы-Кочкор бөлүгүн куруу каралган. 2022-жылга беш чакырымды куруу белгиленген, бүгүнкү күндө анын 90% ишке ашты. Курулуш иштерине "Кыргыз темир жолунун" каражаты жумшалды",-деп айтылат маалыматта.

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров жайында парламентте бул долбоорду толук бүтүрүү үчүн инвестор изделип жатканын айткан.

Март айынын аягында Балыкчы–Кочкор темир жолунун курулушу расмий башталган. Анда "Балыкчы" станциясындагы салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, "жаңы темир жол түйүнүнүн пайдубалы түзүлүп жатканын, ал өлкөнүн келечеги үчүн зор мааниге ээ экенин" белгилеген.

Жалпы узундугу 186 чакырымды түзгөн темир жолду куруу 2030-жылга чейин аяктары, ага кошумча инвестиция тартылбастан, өлкөнүн өз каражаты жумшалары айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG