Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:17

Бишкек: Таштанды полигонуна деген акча боюнча беш иш козголгон


Таштанды полигону.
Таштанды полигону.

Бишкектин таштанды маселесин чечүү үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) бөлгөн акчаны максаттуу пайдалануу боюнча текшерүүнүн жыйынтыгында беш кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн 9-декабрда Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын отурумунда борбор калаанын прокурорунун орун басары Рысбек Аманатов билдирди:

“Беш кылмыш ишинин үчөө боюнча тергөө аяктап, Бишкек мэриясынын алдындагы "Санитардык полигон" муниципалдык ишканасынын кызмат адамдары кылмыш жообуна тартылып, бул иштер сотко өткөн. Калган эки иш боюнча келтирилген зыянды толук аныктоо үчүн экспертиза жүрүп жатат”.

Аманатов мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы ар бир иш боюнча өзүнчө эсептелип жатканын, биринде 41,4 миллион сом, биринде 22,3 миллион сом, дагы биринде 1,4 миллион сом деп аныкталганын, калгандары боюнча да эсептөө жүрүп жатканын, орду дээрлик толтурула электигин кошумчалады.

ЕБРР Бишкекке таштанды төгө турган жаңы полигон куруу жана рекультивация кылуу иштерине 2012-жылы “Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу” деп аталган долбоорду каржылоого 22 миллион евро (жарымы насыя, жарымы грант түрүндө) бөлүүгө макул болгон.

Каржы министрлигинин 9-декабрдагы маалыматына караганда, ЕБРР убада кылган 22 миллион евронун 12 миллиону келген, калган акча бөлүнө элек.

Бөлүнгөн акча максаттуу пайдаланылбай калганы тууралуу маселе парламентте бир нече жолу көтөрүлүп, талкуу жараткан. “Азаттык” да бул боюнча өз иликтөөсүн жарыялаган.

Кылмышка шектүүлөрдүн бири катары Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовго издөө жарыяланган.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG