Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Бишкек саммити аяктады


Быйыл ЕАЭБге Кыргызстан төрагалык кылды жана эмдиги жылдан тартып төрагалык Орусияга өтөт.
Быйыл ЕАЭБге Кыргызстан төрагалык кылды жана эмдиги жылдан тартып төрагалык Орусияга өтөт.

Бишкекте 9-декабрда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыл жыйынтыгын чыгарган саммити аяктады. Анын соңунда президент Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасап, саммитте бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынганын билдирди.

"Биз өнөр жай кооперациясын каржылоонун негизин түздүк. Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) ишинин келерки жылдагы багытын белгиледик. Андан сырткары, Бириккен Араб Эмираттары менен соода келишимин түзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин кабыл алдык Биз бүгүн ЕАЭБ тууралуу келишимге электрондук кызмат көрсөтүүдөн кыйыр салык алуунун тартиби жөнүндө өзгөртүү киргизүү протоколуна кол койдук. Салыкты башкаруу жана электрондук кызмат көрсөтүү жаатындагы бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүү боюнча иштери болгонун белгилеп кетейин",-деди Жапаров.

Быйыл ЕАЭБге Кыргызстан төрагалык кылды жана эмдиги жылдан тартып төрагалык Орусияга өтөт.

Бул уюмга Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган. Бирок ортодогу экономикалык тоскоолдуктар жоюлбай, ишкерлер өндүргөн продукциясын уюмдун ичиндеги өлкөлөргө жеткирүүдө кыйынчылыкка дуушар болуп жатканын айтып жүрүшөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG