Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Илгиз Шаменовдун бөгөт чарасы 12-декабрда каралмай болду


Илгиз Сарылдык уулунун (Шаменов).
Илгиз Сарылдык уулунун (Шаменов).

“Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген негизде кармалган активист Илгиз Сарылдык уулунун (Шаменов) бөгөт чарасы 12-декабрда каралмай болду. Cот отуруму шектүүнүн жактоочусунун өтүнүчү менен жылдырылды.

9-декабрда Биринчи май райондук сотуна алып келинген Шаменов жана анын адвокаты активистти бүгүн суракка деп алып чыгышканын айтып, сотко даяр эмес экенин билдиришкен.

Соттун чечими менен Илгиз Сарылдык уулу (Шаменов) 20-декабрга чейин №1 Тергөө абагына камалган. Аны Москвадан Бишкекке 28-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жарандык активист Орозайым Нарматова менен чогуу кармап келишкен.

23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан отузга жакын адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги алар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген. Камалгандар муну саясий куугунтук деп айтып жатышат.

Илгиз Сарылдык уулу “Социал-демократтар” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. Балык чарба боюнча ишкердик менен алектенип, Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы кыймылга кошулуп, бийликти сындап жүргөн. (BTo/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG