Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Элчилик Орусиядагы кыргызстандыктарга каттоодон өтүүнү эскертти


Орусиянын полициясы жана аларды автобустан карап турган мигрант. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын полициясы жана аларды автобустан карап турган мигрант. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 2021-жылдын 29-декабрына чейин Орусияга келген кыргыз жарандарын 2023-жылдын 10-январына чейин медициналык текшерүүдөн өтүп, бармак издерин тапшырып, сүрөткө түшүп, каттоого турушу керек экенин эскертти.

“Кыргыз Республикасынын жарандарынын убактылуу өлкөдө болуу мөөнөтүн узартуу алар бармак изин мамлекеттик каттоодон, сүрөткө тартуудан жана медициналык текшерүүдөн өтүүнүн шарттарын милдеттүү түрдө аткарганда гана мүмкүн болот”, - деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

7-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков Орусияда миграциялык мыйзамдарга ылайык медициналык текшерүүдөн өткөн кыргызстандыктардын көбүнөн жыныстык жол менен жугуучу оорулар аныкталып, аларды орус тарап бир гана клиникадан дарыланууга мажбурлап жатканын айтып чыккан.

2021-жылдын 29-декабрында Орусияда “Чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө” жана “Мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, жаңы миграциялык эрежелер иштей баштаган. Ага ылайык, чет элдиктер, анын ичинде Кыргызстандын жарандары жугуштуу оорусу бар-жогуна текшерилип, бармак издерин тапшырып, сүрөткө түшүп, каттоого турушу зарыл. Орусияда миллиондой кыргыз жарандары жашап, иштеп жүрөт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG