Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

"Азаттык" баштаган үч медиа Эшимканов атындагы сыйлыкка татыды


"Азаттык" радиосу
"Азаттык" радиосу

Белгилүү коомдук ишмер, журналист, публицист Мелис Эшимкановдун 60 жылдыгын утурлай уюштурулган эскерүү иш-чарасында “Азаттык” радиосу, "Политклиника", КЛООП басылмалары өлкөдө активдүү иш алып барган медиа деп табылып, атайын сыйлыкка татыды.

Иш-чаранын алкагында эки чыгармачыл сынак жарыяланган. Журналисттер арасындагы баш байге Элизат Садыралиевaга (НТС телеканалы) жана Сайпидин Султаналиевге (Temirov Live Ютуб каналы) ыйгарылды.

Студенттер арасындагы “Кыргыз журналистикасынын эртеңи” деген темада кыргыз жана орус тилинде дил баян жазууда биринчи орунду Азиза Капар кызы, экинчи орунду Айпери Эшенкулова, үчүнчү орунду Махабат Талантбекова ээледи.

Көзү тирүү болгондо Мелис Эшимканов быйыл декабрда 60 жашка чыкмак. Ал 2011-жылы 15-сентябрда 49 жашында каза болгон. Эшимканов атындагы коомдук фонд сөз эркиндигин жайылтуу максатында журналисттер арасында чыгармачыл сынак уюштуруп, спорттук таймаштарды өткөрүп жүрөт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG