Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Өзбекстандын бийлиги газга байланыштуу митингге чыккандарды камакка алды


Фергана облусунда митингге чыккандар. 6-декабрь, 2022-жыл.
Фергана облусунда митингге чыккандар. 6-декабрь, 2022-жыл.

Өзбекстандын Фергана облусунун Ички иштер башкармалыгы аталган аймакта газдын жетишсиздигинен улам митингге чыккан завод жумушчуларынын бир нечесин 10 суткага камакка алды.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Аларга “майда бейбаштык” жана “митингдерди өткөрүү боюнча тартиптерди бузуу” беренелери менен айып тагылды.

6-декабрда Фергана облусундагы гипс даярдоо боюнча заводунун ондогон кызматкери өнөр жай ишканаларына газ берилбегендиктен бийликке нааразылык билдирип чыгышкан. Алар мунун натыйжасында он миңдеген жумушчу ишсиз калып жатканына даттанышкан. Бул митингдин видеосу Телеграм-каналдарда тараган кийин чоң резонанс жараткан.

Милициянын билдирүүсүндө көгүлтүр отун негизинен калктын керектөөсүн жабууга жумшалып жаткандыктан, газ ишканаларга берилбей калганын белгилеп, митингчилер муну атайылап башкача чечмелеп салышканы белгиленет.

Расмий Ташкент жекшембиден бери өлкөнүн Бухара, Фергана, Анжиян, Сурхандарыя облустарында жаратылыш газын берүү үзгүлтүккө учураганын ырастады.

Ал арада жекшембиде шаардык мэрия Ташкентте автоунааларга газ толтурган станциялар убактылуу жабылганын кабарлады. Маалыматка караганда, коммуналдык кызматтар колдогу газды бардык керектөөчүлөр арасында теңме-тең таратууга аракет жасаганы менен газ басымынын төмөндөшү, ресурстардын жетишсиздиги буга түрткү болду.

Мунун фонунда борбордун автобекетинен башка шаарларга автобус каттамдары убактылуу токтотулду. Өзбекстандын Транспорт министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, бул чектөө жолдор тоңуп, үшүк жүргөндүктөн жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG