Бразилиядагы тополоңдо 200дөй адам кармалды

Бразилиадагы башаламандык. 8-январь, 2023-жыл.

Бразилияда жекшемби күнкү тополоңдо 200дөй адам кармалды. Полиция мурдагы мамлекет башчы Жаир Болсонарунун тарапкерлери басып алган президенттин сарайын, парламенттин жана Жогорку соттун имараттарын бошотту. Бул тууралуу CNN өлкөнүн Юстиция министрлигинин маалыматына таянып кабарлады.

Азыркы президент Луис Инасиу Лула да Силва январдын аягына чейин башкалаа Бразилиада өзгөчө кырдаал жарыялап, тополоң чыгаргандардын баары жазаланарын айтты. Кармалгандар 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Президенттик шайлоо былтыр октябрда өткөн. Расмий эсепте жеңүүчү деп табылган Луис Инасиу Лула да Силванын инаугурациясы 1-январда болгон.

Болсонарунун тарапкерлери шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтып жатышат.

Бир жума мурун ант берген президент, Болсонаронун атаандашы Лула азыр борбордо эмес экени кабарланды.

Болсонару өз тарапкерлеринин аракеттерин айыптап, имараттарга басып кирүүнү мыйзамсыз деп атады.

АКШнын президенти Жо Байден Бразилиядагы өкмөттүк имараттарга чабуул коюуну “чектен чыккан көрүнүш” деп сыпаттады. Евробиримдиктин жана Латын Америкасынын бир катар өлкөлөр азыркы президентке тилектештик билдиришти.

Дагы караңыз

Азаттык-70. "КГБ артымдан көпкө аңдып жүрдү" Сасык тумоо соңку бир аптада дээрлик эки эсе азайдыИран: Хижабдан башталып, өлүм жазасына чейин жеткен күрөш