ӨКМ: Бир жыл ичинде 85 адам сууга чөгүп каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда былтыр бир жыл ичинде 85 адам сууга чөгүп каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) «Азаттык» радиосуна билдиришкендей, мындай кырсыктардын эң көбү жайкы сезондо Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган.

Каза болгондордун 28и 12 жашка чейинки балдар, 36сы эркектер, сегизи аялдар.

2021-жылы сууга чөгүп каза тапкандар 128, 2020-жылы 82 адам болгон.

Былтыр куткаруучулар мындай окуяга кабылган 20 адамды, 2021-жылы сегиз, 2020-жылы бир адамды сактап калышкан.

Адистер мындай кырсыктар айрыкча жайкысын сууга түшүү эрежелери, коопсуздук чаралары сакталбаган учурда көп катталарын, андыктан этияттоо зарыл экенин белгилеп келишет. (RK)

Дагы караңыз

Түркия менен Сириядагы зилзала: каза болгондор саны 1500дөн аштыГеннадий Базаров: Тартылбай калган соңку тасмаЖАМК: Кемпир-Абад боюнча камалгандар арасында чукул меджардамга муктаждар жок Түркияда жер титирөөдө 280ден ашык адам мерт болду