Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

ЖАМК: Кемпир-Абад боюнча камалгандар арасында чукул меджардамга муктаждар жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отургандар арасында чукул медициналык жардамга, текшерилүүгө муктаждар жок. Бул тууралуу бүгүн 6-февралда «Азаттык» радиосуна Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

«Буга чейин кандай дары ичип жүрүшсө, ошонусун уланта беришет. Тергөө абагына отуруп калды деп токтотпойбуз алардын дарылануусун. Ал эми өтө чукул, зарыл болуп жаткандарды текшертүүгө алып чыгабыз. Көбүчө жеке клиникаларга барып текшерилишет. Андайлар азыр жок», - деди мекеме өкүлү Элеонора Сабатарова.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыркы октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Шаардык сот аларды февралдын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу ага чейинки инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Бул иш боюнча камалып отургандардын арасынан экс-депутат Орозайым Нарматова ден соолугуна байланыштуу өткөн аптада үй камагына чыгарылган. Тийиштүү дарылануу үчүн абактан ооруканага которулуу зарыл экени саясатчы Равшан Жээнбеков, Перизат Суранова, Рита Карасартова тууралуу айтылууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG