Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:31

Түркия: зилзалада кыргыз жарандары жабыркап-жабыркабаганы такталууда


Түркия сейсмологиялык жактан активдүү аймактардын катарына кирет.
Түркия сейсмологиялык жактан активдүү аймактардын катарына кирет.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Консулдук департаменти Түркияда жер титирөөдө жабыркагандар арасында кыргыз жарандарынын бар-жогун тактап жатат. Бул тууралуу аталган департаменттен кабарлашты.

"Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Анталья менен Стамбулдагы Башкы консулдуктар менен бирге Түркиянын тиешелүү органдары менен жер титирөөдө жабыркагандар арасында кыргыз жарандары бар-жогун тактап жатат. Кырдаалды көзөмөлдөр, чукул консулдук-укуктук жардам берүү үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Ошондой эле Түркияда жашаган кыргызстандыктарга зарыл жардамдарды берүү үчүн тез байланыш телефону ачылды",-деп жазылган ТИМ тараткан маалыматта.

Түркиядагы жер титирөөдөн улам кандайдыр бир жардамга муктаж болгон кыргыз жарандары төмөнкү телефондорго чалса болот:

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги (Анкара шаары):

+90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;

Анталиядагы башкы консулдук:

+90 546 5570471, +90 534 8388551;

Стамбулдагы Башкы консулдук:

+90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737

Расмий маалыматка ылайык, Түркияда 25 миңдей кыргызстандык жашап, окуп жүрөт. Алардын үч миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштесе, дээрлик көбү бир жылдык туристтик виза менен келип, негизинен Анкара, Стамбул жана Анталия сыяктуу шаарларда эмгектенишет.

Түркия менен Сирияда катуу жер титирөөдө курман болгондордун жалпы саны 200дөн ашты жана бир топ имарат, турак жай кыйрады. Мындан улам мерт болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Учурда урандыларды тазалоо, аман калгандарды куткаруу иштери жүрүп жатат. Түркияда табыгый кырсыкка байланыштуу өзгөчө абал жарыяланды.

АКШнын Геологиялык кызматы күчү 7,8 баллга жеткен зилзала жергиликтүү убакыт менен таңкы саат 04.17де, Түркиянын түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш аймагындагы Газиантеп шаарынын жанында, 17,9 чакырым тереңдикте болгонун кабарлады.

Өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу жалпысынан 10 шаар: Газиантеп, Кахраманмарас, Хатай, Османие, Адияман, Малатья, Шанлыурфа, Адана, Диярбакыр жана Килис жабыркаганын билдирди.

Жердин силкинүүсү Анкара шаарында дагы сезилди. Ошондой эле жер титирөө башка мамлекеттерде - Кипр, Ливан жана Сирияда дагы катталды.

Түркия сейсмологиялык жактан активдүү аймактардын катарына кирет. Акыркы акыркы жолу катталган эң чоң зилзала 2011-жылдын 23-октябрында Ван аймагында болгон. Анын күчү 7,2 баллга жеткен. Зилзаланын очогу Ван аймагына караштуу Эржиш шаарында болгон. Бул кырсыкта 644 киши набыт болуп, эки миңге жакын киши оор жаракат алган. 110 миң турак жай жарактан чыккан.

Бул өлкөдө эң катуу жер титирөө 1999-жылы 17-августта Дүзже аймагында болгон жана кырсыктан 18 миңден ашык киши каза таап, 25 миңге жакыны жабыркаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG