Шинжаңдагы "лагерден" чыккан этникалык казак алты жылдан кийин үй-бүлөсүнө жолукту

Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун борбору Артыш шаарындагы атайын кароол кайтарган абактын сырты. 2018-жылдын 3-декабры.

Кытайдын Шинжаң аймагынан Казакстанга келген этникалык казак Сарсенбек Акбар дээрлик алты жылдан бери көрө элек үй-бүлөсүнө жолукту.

Бул маалыматты анын жубайы Гүлнур Косдаулет ырастады. Ал буга чейин башка жарандар менен бирге Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдындагы акцияларга катышып, Шинжаңда кармалган күйөөсүн бошотууну талап кылган.

Маалыматка караганда, Сарсенбек Акбар Кытайда үч жылга жакын "лагерде" кармалып, кийин эки жылдай үй камагында болгон.

Кытай консулдунун алдындагы акциялардын дагы бир катышуучусу Гаухар Курманалиеванын айтымында, Сарсенбек Акбар Казакстандын аймагына 8-февралда "Хоргос" бажы бекети аркылуу өткөн.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Сарсенбек Акбардын өлкөгө келгени боюнча эч кандай маалымат берген жок.

2021-жылы жазында кытай түрмөсүндө 13 жыл отуруп, андан кийин бир жарым жыл Шинжаңдагы "лагерде" кармалган Рахыжан Зейнолла Казакстанга келген. Ал Кытайдын бийлиги өлкөдөн чыгууга уруксат берген жалгыз "Шинжаң туткуну" болгон. Ошол эле жылы августта Зейнолла Казакстандын жарандыгы берилгенин ырастаган документ алган.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы 2017-жылдан бери кабарланып келет. Аларда 1 миллионго чейинки адамдар бар экени айтылып жүрөт.

Дагы караңыз

ISW: Луганск облусунда орус аскерлеринин чабуулу башталдыБишкекте кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өттү “Азаттыкка" каршы сот иштери токтотулду