Көчкүлөрдү атып түшүрүү уланат, айрым жолдордо чектөө болот

Кар көчкү. Ош-Бишкек жолу. Сүрөт ӨКМден алынды. 2023, 18-февраль.

Бүгүн, 20-февралда Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунда кар көчкү атып түшүрүлүп, тазалоо иштери улантылды. Жол кечки саат 18:00дөн эртең мененки 9:00гө чейин убактылуу ачылат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу 21-февралда убактылуу кайра жабылат. Жергиликтүү бийлик айдоочуларды өтө зарыл жумуш болбосо жолго чыкпай турууга чакырды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн Бишкек-Ош жолунда кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери жүргүзүлгөнүн, ал 22-февралда дагы уланарын билдирди. Өткөн аптада жааган калың кардан өлкөдөгү айрым жолдор, ашуулар жабылган. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.

Кыргызгидромет борбору 16-19-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүү ыктымалдыгын кабарлаган. Өткөн аптада тоолуу аймактарда калың кар түштү. ӨКМ кооптуу аймакта жашаган жарандарга эскертүү берүүдө. (TSh)

Дагы караңыз

Санарип өнүктүрүү министрлиги чалууларга байланыштуу Xiaomi Redmi компаниясына кайрылды