ЕЭКке Мамыткановдун ордуна Алишеров министр болду

Элдар Алишеров.

Кыргызстандын Евразия экономикалык комиссиясындагы (ЕЭК) министри Максат Мамытканов кызматтан алынып, анын ордуна Элдар Алишеров дайындалды.

Маалымат ЕЭКтин сайтында 1-мартта жарыяланды. Алишеров бул кызматта бажы маселелерин координациялайт.

Ал 1985-жылы туулган. 2022-жылдан бери президенттин администрациясынын Евразия экономикалык биримдиги боюнча бөлүм башчысы болуп иштеген. 2007-жылы Санкт-Петербург мамлекеттик университетин аяктаган. 2014-2017-жылдары өкмөттүн аппаратында, 2018-2022-жылдары экономика министринин орун басары болуп иштеген.

Максат Мамытканов бул кызматта 2021-жылдын июлунан тартып иштеди. (TAb)

Дагы караңыз

Блинкен АКШ Борбор Азияга 25 миллион долларлык жардам берерин жарыяладыЖогорку Кеңеш министр кызматына Иманалиевдин талапкерлигин колдоду Аба ырайы: Күн ачык болотБлинкен Кыргызстандагы адам укугу, басма сөз эркиндиги маселесин көтөрдү