Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:43

Блинкен Кыргызстандагы адам укугу, басма сөз эркиндиги маселесин көтөрдү


Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолукту.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолукту.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушууда адам укугу, сөз эркиндиги маселесин көтөрдү. Бул тууралуу АКШ мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс билдирүү таратты.

"Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Астана шаарында С5+1 министрлер деңгээлиндеги жолугушуунун алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугуп, АКШ менен Кыргызстандын эки тараптуу мамилелеринин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Мамлекеттик катчы Кыргызстандын аймактык байланышты чыңдоо, экономикасын диверсификациялоо жана эки тараптуу соода байланыштарын тереңдетүү боюнча аракеттерин жогору баалады. Эки министр тең экономикалык өнүгүүнү жана жашыл энергетикага инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Мамлекеттик катчы Кыргызстандын Сириянын түндүк-чыгышындагы 59 атуулун АКШнын жардамы менен өлкөгө кайтарып келүүсүн жогору баалады. Ал ошондой эле адам укуктарын, фундаменталдык эркиндиктерди, анын ичинде тынч жыйындарга чогулуу эркиндигин жана басма сөз эркиндигин, бейөкмөт уюмдар менен жарандык коомдун ишмердигин коргоо керектигин баса белгиледи", - деп билдирет Нед Прайс.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Блинкен менен Кулубаевдин жолугушуусу тууралуу билдирүү таратып, анда министр Кулубаев Вашингтонго 30 жылдан бери берип жаткан көмөк үчүн ыраазычылыгын билдирип, жардам Кыргызстанда демократия курууга салым кошконун, анын аркасы менен өлкөдө күчтүү жарандык коом түптөлгөнүн, адам укуктары жана эркиндиктер корголгонун, эл аралык коомчулук тааныган шайлоолор өтүп жатканын белгилегенин билдирген.

Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти кыргыз өкмөтүнүн "Азаттык Медианын" сайтын бөгөттөгөн чечимин айыптап, бул демократиялык аралча аталган мамлекеттин аброюна көлөкө түшүрөрүн эскерткен.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдиргендей, министр Кулубаевдин мамлекеттик катчы Блинкен менен жолугушуусунда эки өлкө ортосундагы мамилелердин келечектүү багыттары жана быйылкы жылга карата биргелешкен кызматташуу пландары талкууланды.

Жолугушуу 28-февралда Казакстандын борбору Астана шаарында "Борбор Азия+АКШ" жыйынынын алкагында өттү.

Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Вашингтон жаңы келишимге кол коюуга даяр экенин айтса, Бишкек талкуулоону талап кылган айрым техникалык маселелер бардыгын билдирген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG