Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Кулубаев БУУнун Адам укуктары кеңешинин жыйынында сөз сүйлөйт


Жээнбек Кулубаев.
Жээнбек Кулубаев.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчөлүгүнүн башталышына байланыштуу 1-2-мартта кеңештин 52-сессиясында сөз сүйлөйт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын күн тартибинде адам укуктарын сактоо жана коргоо, анын ичинде жарандык, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий укуктарды камсыз кылуу боюнча эң актуалдуу маселелер бар.

52-сессиянын Жогорку деңгээлдеги сегментине БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк, 150дөн ашуун өлкөнүн мамлекет, өкмөт башчылары, тышкы иштер министрлеринин жана жогорку өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Кулубаев Женевадагы эл аралык уюмдардын жетекчилери менен да жолугушууларды өткөрөрү кабарланды.

Былтыр 11-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 14 мамлекетти, анын ичинде Кыргызстанды Адам укуктары кеңешине мүчө кылып шайлаган.

Адам укуктарын, эркиндигин коргоону жана демократиялык өнүгүүнү илгерилетүү үчүн глобалык алкакта иш жүргүзгөн кеңештин мүчөлөрү үч жылга шайланат. Кыргызстан буга чейин Адам укуктары кеңешине эки жолу, 2009-2012 жана 2016-2018-жылдары кошулган.

Жакында эле АКШнын Катон институту менен Канаданын Фрейзер инситуту биргелешип жүргүзгөн Адам эркиндиги боюнча дүйнөлүк индексте Кыргызстан 165 өлкөнүн ичинен 87-орунду ээледи.

Баяндамада адам эркиндигинин ар кыл аспекттери 83 көрсөткүч менен аныкталган. Мыйзам үстөмдүгү, коопсуздук жана коргоо, ээн-эркин жүрүү, дин тутуу, эркин чогулуу жана жарандык коом, эркин ой-пикир билдирүү, алака-катыш, мыйзам системасы жана мүлккө ээ болуу, акчанын наркы, эл аралык соода-сатык эркиндиги сыяктуу көрсөткүчтөр менен ченелет. (TAb)

XS
SM
MD
LG