Темир жол кырсыгынан кийин Грекиянын транспорт министри кызматтан кетти

Темир жол кырсыгы болгон жер. Грекия, 1-март, 2023-жыл

Кеминде 36 кишинин өмүрн алган темир жол кырсыгынан кийин Грекиянын транспорт министри Костас Караманлис кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын билдирди.

Министр отставкага кетүү анын милдети экенин жана "муну менен каза тапкандардын элесин урматтоо үчүн эң аз нерсе кыла аларын" айтып, мамлекеттин "көп жылдардан берки кемчиликтери" үчүн жоопкерчиликти өзүнө аларын кошумчалады.

Кырсык болгон жерге өлкөнүн премьер-министри Кириакос Мицотакисти коштоп барган министр каргашалуу окуянын себептерин толук иликтөөнү убада кылган.

Шейшемби күнү кечинде жүргүнчү поезд менен жүк ташуучу поезд бетме-бет кагылышып, бир нече вагон рельстен чыгып кеткен.

Кеминде 85 киши жаракат алды, алардын басымдуусу ооруканага түштү.

Афиныдан Салоникиге бараткан жүргүнчү поездде 350 киши бар болчу. Жергиликтүү бийлик поездде карнавалдан кайтып келаткан студенттер көп болгонун билдирди.

Жүргүнчү поезд менен тоннелден чыгып жаткан жүк ташыган поезддин эмне себептен бир жолго түшкөнү азырынча белгисиз. Окуяны тиешелүү органдар иликтеп жатышат. Станциянын башчысы камакка алынганы кабарланды.

Кагылышууну Грекиянын тарыхындагы эң коркунучтуу кырсык деп аташууда.

Дагы караңыз

"Оппозиция эмес, өнөктөш катары караш керек". Бейөкмөт уюмдардын өнүгүүгө кошкон салымы талкууланды Киев орус аймагында кулаган дрондорго тиешеси жок экенин жарыяладыМинистр Амангелдиев: Азыр "Аманат" жок