Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:05

Киев орус аймагында кулаган дрондорго тиешеси жок экенин жарыялады


Коломнада ушул өндүү дрон кулап түшкөн
Коломнада ушул өндүү дрон кулап түшкөн

Киев Орусиянын аймагында учурулган дрондорго тиешеси жоктугун айтууда. Президенттин администрация башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк “Украина Орусиянын аймагына чабуул жасабайт жана ал жерде кулап, жарылган пилотсуз учактарга эч кандай тиешеси жок» деп 1-мартта Твиттерге жазды.

Киев былтыр февралда Украинага кол салган Орусиядагы буталарга сокку урууга укуктуу экенин айтып, бирок согуш башталгандан бери кошуна өлкөдө болгон бир нече сокку үчүн жоопкерчиликти өзүнө алуудан дайыма баш тартып келген.

“Украина өзүн коргоо үчүн согушуп жатат, оккупацияланган жерлерибизди кайтарууну максат кылабыз”, - деп билдирди Подоляк.

Шейшембиде бир суткада Орусиянын беш аймагында кыйраган учкучсуз учактар тууралуу маалымдалган. Москва облусунун Коломна районунда учкучсуз учак кулап түшкөн. Белгород облусунда үч дрондун калдыктары аныкталганын, дагы бирөө турак жайдын терезесине тийгенин жергиликтүү бийлик билдирди. Брянскинин үстүндө бир дрон атып түшүрүлдү. Адыгея жумуриятында “учуучу жабдыктын” сыныктары табылды. Дрон ошондой эле Краснодар крайындагы мунай базасынын аймагында аныкталды. Ал жерде өрт тутанган. Кийинчерээк Орусиянын Коргоо министрлиги Краснодар жана Адыгеядагы дрондук чабуулдарды бышыктады. Жабыркагандар жок деп кабарланды.

Ошол эле күнү Петербургдун аба мейкиндиги “асмандагы белгисиз жабдыктан” улам жабылганы маалымдалган. Бирок министрлик аны “абадан коргонуу күчтөрүнун машыгуусу” катары түшүндүрдү.

Дрондордон эч ким жабыркабаганы менен 1-мартта орус президенти Владимир Путин абадан коргонуу күчтөрүнө чек араны жана аба мейкиндигин кайтарууну күчөтүү буйругун берди.

Орусия дрондорду учуруунун артында Украина турганын буга чейин айтып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG