Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Блинкен Каракалпакстандагы кан төгүүнү иликтөө маанилүү экенин айтты


Блинкен Мирзиеев менен жолугушууда. Ташкент, 1-март, 2023-жыл
Блинкен Мирзиеев менен жолугушууда. Ташкент, 1-март, 2023-жыл

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен шаршембиде Өзбекстандагы сапарынан кийин «Чоң Жыйырманын» саммитине катышуу үчүн Индияга жол тартты.

Ташкентте америкалык башкы дипломат Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев жана тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Бахтиер Саидов менен жолукту.

Вашингтондун өкүлү июль айында Каракалпакстанда болгон тополоңдо тартип коргоо органдары тарабынан адам укуктарын бузуу тууралуу айыптоолорду толук жана ачык иликтөө маанилүү экенин Ташкенттеги кабарчыларга билдирди.

Былтыр 1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алуу сунушуна каршы чыгышкан.

Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 киши каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун киши кармалган.

Акциялардан кийин президент Шавкат Мирзиеев жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу берене өзгөртүлбөсүн билдирген. Ошол кезде ал аты аталбаган чет элдик күчтөрдү баш аламандыктарды уюштурду деп айыптаган.

Өзбекстанга чейин Блинкен Астанада Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери менен саммитке катышкан.

XS
SM
MD
LG