Жапаров: 24-мартта эл бийликтин жалгыз булагы экенин тастыктаган

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 24-март - элдик ыңкылаптын 18 жылдыгына карата кайрылуу жолдоп, бул окуяда кыргызстандыктар бийликтин жалгыз булагы эл экенин тастыктаганын билдирди. Мамлекет башчы кайрылуусунда кыргыз эли адилетсиз башкарууга баш ийип көнбөгөн эрки күчтүү, намысы бийик эл экенин белгилеп, эгемендик алгандан кийинки окуялардан дайым сабак алынышы керектиги айткан.

“Геосаясий кырдаалдан улам дүйнө жүзүндө жаңы чакырыктар жаралып, экономикалык кыйын абал өкүм сүрүп турган чакта дагы да болсо ата-бабалар мурас кылган нарк-насилибизге, бир муштумга бириктирген биримдигибизге таянабыз. Өлкөнүн ынтымагын жана туруктуулугун камсыз кылуу менен экономикабызды телчиктирип, улуттук өнүгүү жолунда алгалай беребиз”, - деп жазылган президенттин кайрылуусунда.

2005-жылдын 24-мартындагы "Жоогазын ыңкылабы" деген аталыш менен тарыхка кирген окуяга быйыл 18 жыл болду. Ал күнү демонстранттар өлкөнү 15 жыл башкарган Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк системасына каршы чыгышкан.

2008-жылдан тартып бул күн Элдик революция күнү катары расмий белгиленип келген. 2012-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен бул датаны расмий белгилөө токтотулган. (TAb)

Дагы караңыз

Украина Словакиядан МиГ-29 истребителдерин алдыИранда тыңчылыкка айыпталган беш киши өлүм жазасына өкүм кылындыСот активист Айжан Мырсанды күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салдыУкраин президенти Владимир Зеленский Херсонго барып кетти