Өзбекстанда пенсия жана айлык акы көтөрүлөт

Ферганадагы базар. Иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 28-мартта айлык акы, пенсия жана жөлөк пулдун өлчөмүн көтөрүү жарлыгына кол койду.

Бул тууралуу президенттин сайтына шилтеме кылып “Озодлик” радиосу жазды. Документке ылайык, 1-апрелден тарта кошуна өлкөдө пенсиялар менен жөлөк пул 7% көтөрүлмөкчү. Муну менен 4,4 миллион пенсионердин акчасы көбөйөт деп күтүлүүдө.

Жарлыкта айтылгандай, ушул жылдын 1-майынан баштап бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин маянасы 7% көбөйөт. Минималдуу айлык акы 980 миң сум же 86 АКШ доллары деп белгиленди.

Өзбекстанда акыркы жолу пенсия былтыр 1-майда, ал эми бюджеттик уюмдарда айлык акы 1-июнда көбөйтүлгөн.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы быйыл Өзбекстан экономикасы 6,5% өсөт деген прогнозун чыгарган.

Дагы караңыз

Казандагы мектепте ок чыгарган Галявиевге өмүр бою абак жазасы суралды Шотландиянын өкмөтүн биринчи жолу мусулман саясатчы жетектейтМашине коюп кетип каза болгон Айткулованын иши сотто карала баштады