Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Машине коюп кетип каза болгон Айткулованын иши сотто карала баштады


Миргүл каза болгон жол кырсыгы тартылган видеодон алынган сүрөт.
Миргүл каза болгон жол кырсыгы тартылган видеодон алынган сүрөт.

Бишкекте машине сүзүп кетип каза болгон 50 жаштагы Миргүл Айткулованын өлүмү боюнча ишти Биринчи Май райондук соту 29-мартта карай баштады. Алдын ала угууда жабырлануучунун адвокаты шектүүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алууну өтүндү. Бирок сот өтүнүчтү канаатандырган жок.

Келерки жараян 31-мартка белгиленди.

“Айыпталуучу тарап актанып, ооруп жүргөнүн айтты. Ал жабырлануучулардан кечирим сураган да жок. Биз аны камакка алуу зарылдыгы тууралуу өтүнүчтү 31-марттагы отурумда да келтиребиз”,- деди адвокат Төлөндү Самаков.

Миргүл Айткулованы 30-январда эртең мененки саат 8.40тар чамасы башкалаанын Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жөө жүргүнчүлөр тилкесинен машине коюп кеткен. Окуя тартылган видеодон ал жолдон өтүп баратканда Honda Fit үлгүсүндөгү такси катуу ылдамдык менен кызылдан өтүп барып коюп кеткенин көрүүгө болот. Маркум ооруканага оор абалда жеткирилип, үч күн эс-учуна келбей каза болгон.

Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-пунктуна ("Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун") ылайык айып коюлган.

3-февралда Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен айыпталуучу 20-февралга чейин камакка алынган. 15-февралда анын мурда соттолбогону, жашы улгайып калганы жана ден соолугу эске алынып, бөгөт чарасы 2-мартка чейин үй камагына өзгөртүлгөн. 1-мартта анын бөгөт чарасы дагы бир айга узартылган. (KS/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG