Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Орусия Кыргызстанга орус тилинде билим берген тогуз мектеп куруп берет


Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук жана Садыр Жапаров. Бишкек, 29-март, 2023-жыл
Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук жана Садыр Жапаров. Бишкек, 29-март, 2023-жыл

Мектептердин бүтүрүүчүлөрү эки үлгүдөгү - Кыргызстан менен Орусиянын аттестаттарын алышат. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук 29-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болгон учурда билдирди.

Анын айтымында, мектептер административдик, спорттук, башталгыч класстар үчүн жана өзүнчө жогорку класстар үчүн төрт корпустан турат. Окуу комплекси заманбап техника менен жабдылып, оюн аянтчасы, бассейндер жана спорт залдары болот.

Орусия Кыргызстанга куруп бере турган тогуз мектептин долбоору
Орусия Кыргызстанга куруп бере турган тогуз мектептин долбоору

Жапаров ага кыргыз-орус кызматташтыгын илгерилетүүдөгү колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, тогуз мектепти куруу боюнча макулдашуунун маанисин белгиледи. Жолугушуу 29-мартта Бишкекте өткөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынынын алкагында болду.

Садыр Жапаров эки өлкө элинин боордоштугу, алардын тарыхый жана маданий жалпылыгы Кыргызстан менен Орусиянын эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүнүн негизги фактору катары карала турганын белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстанда орус тилинин статусу тууралуу маселеде саясий манипуляция жасоого чечкиндүү каршы экенин белгиледи, орус тили өлкөнүн Конституциясында расмий тил катары бекитилгенин эске салды.

Оверчук Кыргызстан менен Орусияны өнөктөштүк жана ишенимдүү мамиле бириктирип турганын, Садыр Жапаровдун Орусияга күтүлүп жаткан расмий сапары эки өлкөнүн мындан да жакындашуусуна өбөлгө түзөрүн айтты.

29-мартта Бишкекте өткөн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынында жети документке кол коюлду. Өкмөттөр аралык комиссия Кыргызстан Орусия жетектеген Евразия экономикалык биримдигинин толук укуктуу мүчөсү болгондон бери алгачкы жолу өттү. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG