Түндүк Корея суу астында жүрүүчү дронду дагы сынады

Түндүк Кореянын суу астында жүрүүчү аскердик дронду сыноо учурунда тартылды делген сүрөт. Март, 2023-жыл.

Түндүк Корея суу астында сүзө алган, өзөктүк куралды алып жүрүүчү Haeil-2 дронун сынады. Бул тууралуу түштүк кореялык "Рёнхап" агенттиги билдирди.

Сыноо 4-7-апрелде болгон. Аппаратты Түштүк Хамгён провинциясындагы порттон кое беришкен. Дрон сегиздик траекториясында кыймылдап, миңдеген чакырымды басып өтүп, андан кийин пландуу түрдө суу астында жарылган.

Пхеньян сыноонун натыйжасында суу астында жүрүүчү стратегиялык курал-жарактын жөндөмүн текшерүүгө мүмкүн болгонун билдирди.

Бул марттын аягынан бери Түндүк Кореянын суу астында жүрүүчү дронду үчүнчү жолу сынашы. Маалымат каражаттары анда Пхеньян АКШнын Түштүк Кореядагы аскердик окууларына жооп кайтарып жатканын жазган. Марттын ортосунда өткөн "Эркиндик калканы" окуусунда америкалык жана түштүк кореялык аскерлер Түндүк Корея тараптан болуучу шарттуу чабуул сценарийин иштеп чыгышкан.

Дагы караңыз

Нарында алтын кендин сууга түшүп кеткен кызматкеринин сөөгү табылдыTimes Украинанын Запорожье АЭСин кайтаруу аракети тууралуу жаздыШайлоого байланыштуу милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат