Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Times Украинанын Запорожье АЭСин кайтаруу аракети тууралуу жазды


 Запорожье атомдук станциясы (АЭС).
Запорожье атомдук станциясы (АЭС).

Украинанын аскерлеринин орус армиясы басып алган Запорожье атомдук станциясын (АЭС) кайтаруу аракети ийгиликсиз болгонун Британиянын Times гезити жазды.

Андагы маалыматта былтыр 19-октябрга караган түнү 600дөй украин аскери 30 катер менен Днепр аркылуу өтүүгө аракет кылган. Бирок орусиялык күчтөрдүн коргонуусу абдан тыгыз болгондуктан, чабуул жасаган тарап муну күткөн эмес.

Атын атагысы келбеген украин жоокери журналисттерге "Биз жакындай баштаганда алар танктарды жана артиллерияны да тартып, бизди түз эле суунун үстүндө аткылай башташты" деп билдирген.

Днепрден өтүп баратканда украин аскерлери орустардын позицияларын HIMARSтын жардамы менен атууга үлгүргөн.

"Акыры украин аскерлеринин чакан тобу гана жээкке жете алган. Алар Энергодардын четинде орус армиясы менен үч саатка созулган атышуудан кийин артка чегинүүгө аргасыз болушкан", - деп жазды Times.

Журналисттер радиация чыгып кетүү коркунучуна карабай Запорожье атомдук станциясын Киевдин көзөмөлүнө кайтарууга ишенген украин бийликтеринин аракети суроо жаратып жатканын белгилешет.

“Энергоатомдун” жетекчиси Петр Котиндин айтымында, станцияны Украинага кайтаруунун бир гана жолу - украин аскерлери ок чыгарбастан Крым менен Мелитополго карай илгерилегенде гана мүмкүн болмок.

Киев менен Москва азырынча Times гезити чыгарган маалыматка комментарий бере элек. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG