Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

УКМК ишкерди опузалап, акча талап кылгандар кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) ишкерди опузалап, ур-токмокко алып акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, кылмыштуу топтун мүчөлөрү апрель айында жеке ишкерди күч колдонуп автоунаага салып, Бишкектин четине алып барган.

“Физикалык күч колдонуп, темир буюм менен денесине оор залал келтиришкен. Андан соң 350 миң сом акча каражатын талап кылып, күрөөгө “Тойота Камри” үлгүсүндөгү автоунаасын алып кеткени аныкталды”, - деп жазылган маалыматта.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган адам УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана издөө, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун аракеттерин жоюу боюнча иш-чаралар улантылып жатканы белгиленген.

Былтыр 24-декабрда атайын кызмат Кочкордо "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрү менен байланышы бар деген шек менен 10 кишини кармаган. Анын бешөө милиция кызматкери, калганы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин жарыялаган. Көп өтпөй үч милиция кызматкери бошотулган. Шектүүлөрдүн жергиликтүү ишкерден акча талап кылганы айтылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG