Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Орусияда журналист Аркадий Бабченко “чет элдик тыңчы” деп табылды


Аркадий Бабченко.
Аркадий Бабченко.

Орусиянын Юстиция министрлиги журналист Аркадий Бабченкону “чет элдик агенттердин” тизмесине киргизди. Аталган мекеменин арызына караганда, Бабченко “Украинанын Куралдуу күчтөрүн колдоо үчүн каражат топтогон”, “бийлик органдары кабыл алган чечимдер жана алардын саясаты жөнүндө жалган маалымат тараткан”.

Бабченко Чеченстандагы жаңжалда “Московский комсомолец” басылмасында аскердик кабарчы болуп иштеп, “Новая газета” жана башка телеканалдар менен кызматташкан. Ал Украинада 2014-жылдагы окуяны чагылдырган. 2008-жылдагы орус-грузин согушун, Евромайдан окуяларын, Донбасстагы куралдуу кагылышты жана Стамбулдун Таксим аянтындагы тополоңду көз карандысыз журналист катары чагылдырган. 2017-жылы өз коопсуздугу үчүн Орусиядан чыгып кеткенин билдирген.

Бабченко орус президенти Владимир Путиндин саясатын катуу сындап жүргөндөрдүн бири. Орусиядан чыгып кеткенден кийин ал Украинада жашап жүргөн.

2018-жылы ал киши колдуу болгону тууралуу кабар тарап, көп өтпөй эле тирүү экени белгилүү болгон. Украин атайын кызматы муну буюртма киши өлтүрүүнүн алдын алуу операциясы деп түшүндүргөн.

Журналист Владимир Зеленский президент болуп шайлангандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

2020-жылы Орусия аны террористтердин жана экстремисттердин катарына кошуп, 2023-жылы издөө жарыялаган.

Бабченко өзүнүн “чет элдик тыңчы” тизмесине киришине байланыштуу комментарий берип, Украинанын Куралдуу күчтөрүн колдоого каражат чогултуп жатканын ырастаган. Ал уюштурган фонд согуш башталгандан бери 1 млн. евро чогултканын билдирди.

“Чет элдик агенттердин” тизмесине “Эхо Москвы” радиостанциясынын сайтынын мурдагы редактору Виталий Рувинский дагы кирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG