Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

CPJ журналист Шахида Якубдун Өзбекстанга киргизилбегенин сындады


Шахида Якуб
Шахида Якуб

Өзбек бийлиги көз карандысыз журналист жана документалист Шахида Якубду (Толаганова) эмне үчүн Өзбекстанга киргизбөө чечимин кабыл алганын түшүндүрүшү керек. Бул тууралуу Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитетинин (CPJ) 6-апрелде тараткан билдирүүсүндө айтылат.

5-апрелде Шахида Якуб Ташкентке барганда аны Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропорттон чек арачылар өткөрбөй коюшкан. Бийлик өкүлдөрү анын себебин түшүндүргөн эмес.

Көпкө күткөндөн кийин 49 жаштагы журналист эки баласы менен Ригага учуп кетүүгө аргасыз болгон.

Туулган өлкөсүнө кирүүгө тыюу салынган Шахида Якуб бул жагдайды өзүнүн ишмердигине байланыштырды. Анын божомолунда, 2005-жылдагы Анжиян окуясын иликтегени, 2007-жылы кыргызстандык өзбек тектүү журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу даярдаган материалдарынан улам Ташкенттин "кара тизмесине" түшкөн болушу мүмкүн.

CPJ программалык директору Карлос Мартинес Шахида Якубга Өзбекстанга кирүүгө, туугандары менен жолугушууга уруксат берилиши керек деп эсептейт.

"Ачык жана демократиялуу Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев айткандай адам укуктарына байланыштуу өтө маанилүү темаларды чагылдырган журналисттерге таарыныч болбошу керек", - деди CPJ өкүлү.

Шахида Якуб Өзбекстандын борбору Ташкентте туулган, 1996-жылы өлкөдөн чыгып кеткен, азыр Британиянын жараны.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG