Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Израил Ливандагы ХАМАС тобуна жооп иретинде сокку урду


Газа тилкесинен тартылган сүрөт.
Газа тилкесинен тартылган сүрөт.

Израил 7-апрелдин таңында ХАМАС тобунун Ливандагы жана Газа тилкесиндеги буталарына жооп иретинде сокку урду.

Израил аскердик учактары ХАМАС көзөмөлдөгөн аймактардагы 10 бутага, анын ичинде Ливандын Тир жээгиндеги палестиналык качкындардын Рашидие лагерине жакын жерге чабуул койгонун билдирди.

ХАМАС Израилдин чабуулун айыптаган билдирүү таратты. Ливандын расмий өкүлү Reuters агенттигине жабыркагандар жоктугун билдирди.

Бир күн мурун Ливан тараптан Израилге 30дан ашуун ракета атылганда эки киши жараат алганы кабарланган. Ракеталардын жарымы абадан коргонуу күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөн.

5-апрелде Израил полициясы Ал-Акса мечитинин айланасындагы жөөттөрдүн комплекске кирүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүүгө аракет кылган маалда палестиналыктар менен кагылышкан. Бул окуя мусулмандар үчүн ыйык эсептелген Орозо айына жана жөөттөрдүн Песах майрамы белгиленип жаткан күндөргө туш келди.

Израил полициясынын Ал-Аска мечитиндеги рейдин араб мамлекеттери, Түркия айыптады. Газа тилкеси тараптан Израилди көздөй ракеталар атылып, жооп катары Израил Газага чабуул койгон.

6-апрелде Газа секторун көзөмөлдөгөн ХАМАС исламчыл тобунун башчысы Исмаил Хания Ливанга иш сапары менен барган. Өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан БУУнун тынчтык орнотуу күчтөрү аймактагы абалды "өтө олуттуу" деп баалап, тараптарды сабырдуулукка чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG