Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

Москвада нааразылыктан кийин мечит башка жерге курулмай болду


Мечитти курууга каршы акция. Москва, 5-апрель, 2023-жыл
Мечитти курууга каршы акция. Москва, 5-апрель, 2023-жыл

Москва шаарынын бийлиги Косино-Ухтом районунда курула турган мечитти башка жерге салууну чечти. Бул тууралуу мэр Сергей Собянин билдиргенин Би- Би-Си маалымдады. Мечит Ыйык көлдүн жанына, православ чиркөөсүнө жакын жерге түшмөк. Мэрдин айымында, башка жер табуу сунушу менен ага патриарх Кирилл жана башкы муфтий Равил Гайнутдин кайрылган.

Февралдын башынан бери жергиликтүү тургундар каршылык акцияларын уюштуруп келишкен. Социалдык тармактарда катуу талаш-тартыш жүргөн.

3-апрелде Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыров мечиттин салынышына каршыларга Украинадагы "окопторго" барууну сунуш кылган.

"Автомат алып, орустардын Донбассында сенин ордуңа согушуп жаткан мусулманды жылдырып туруп патриот экениңди далилде!", - деп айтылган Кадыровдун Телеграм-каналында жарыяланган билдирүүдө.

Жергиликтүү жашоочулар мечит курулса, эл көп болуп, транспорт маселеси, экологиялык көйгөйлөр чыгышы ыктымалдыгын айтып келишти. Ошондой эле алар мигранттардын агымынан, кылмыштуулуктун өсүшүнөн чочулаганын жашырган эмес. Анын үстүнө, алардын пикиринде, мечитти православ чиркөөсүнүн жанына тургузуу туура эмес болуп калмак.

Донбасс - Украинанын аймагы. Орусия Украинага басып киргенден бери Кадыров согуштун негизги пропагандачысына айланды. Ал жалданма согушкерлерин майданга жөнөткөнү тууралуу утур-утур маалымдап келет. Евробиримдик, АКШ жана бир нече өлкө Кадыровго каршы санкция киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG