Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Баткенде мигрант үй-бүлөлөрдү колдогон долбоор башталды


Баткен. 21-март, 2023-жыл.
Баткен. 21-март, 2023-жыл.

Баткендин чек ара айылдарында мигранттардын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү максатында атайын долбоор бир жыл бою иш алып барат. Бул тууралуу долбоордун демилгечиси Назгүл Алдашова билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунун төрт айыл аймагы тандалып алынып, мигранттардын балдарына, аялдарга өз учурунда психосоциалдык жардамдардын жетишине көмөк көрсөтүлөт. Кыз-келиндерге ишкер айымдар тарабынан насаатчылар дайындалып, 16 бизнес демилгеге каржылык колдоо берилмекчи.

Европа Биримдиги каржылаган BOMCA- 10 (Борбор Азиядагы чек араларды башкарууга көмөк көрсөтүү) программасы тарабынан Баткендеги мигрант бүлөлөрдү колдоо эки багытта жүрөт. Биринчиси, ишкерлик туруктуу киреше менен камсыздоо жана 8 мектептин социалдык педагогдорун окутуу. Алар балдар психологиясы жана мигрант үй-бүлөнүн балдары менен иш алып баруу боюнча окутулат.

Кыргызстан Баткен облусунун аймагында Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет. Суу жана жер тартыш болгондуктан, чек ара тилкесинде чыр-чатактар катталып турат. 2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал эң масштабдуу болуп, ондогон адамдын өмүрүн алган. (JsA)

XS
SM
MD
LG