Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:14

"Коррупцияга каршы элдик кызмат" коомдук бирикмесинин төрагасы кармалды


Шектүүнү кармоо учуру.
Шектүүнү кармоо учуру.

“Коррупцияга каршы элдик кызмат” деп аталган коомдук бирикменин төрагасы (Э.У.Т.) Бишкек шаарынын тургунунан опузалап 100 миң сом алып жатканда кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 6-апрелде билдирди.

Башкы көзөмөл органы жабырлануучуга шектүү Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө тергелип жаткан кылмыш ишин “оң жагына чечип берем” деп убада бергени аныкталганын кабарлады.

Тергөөдө шектүү буга чейин 200 миң сом акча алганы жана кылмыш ишин козгоону токтотуу боюнча көмөк көрсөткөндүгү үчүн кошумча 4 миң доллар талап кылганы белгилүү болгон.

Кармалган адамдын жакындары же адвокаттары комментарий бере элек.

Февраль айында дагы бир “Коррупцияга каршы элдик кыймыл” деп аталган коомдук бирикмесинин жетекчиси (К.А.С.) кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча малекеттик комитет (УКМК)кабарлаган. Ал Кичи-Кемин айыл аймагынын башчысын опузалап көп суммадагы акча талап кылганын билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG