Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Мурдагы билим берүү министри Бейшеналиевдин иши сотко өттү


Алмазбек Бейшеналиев.
Алмазбек Бейшеналиев.

Мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевге козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүлдү.

Бул маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады. Мурдагы министрдин иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 18-апрелде карала турганы айтылды.

Бейшеналиев ири өлчөмдө пара алууга шек саналып 28-сентябрда кармалган. Ички иштер министрлиги ал чет өлкөлүк студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысына байланыштуу кармалганын билдирген.

30-сентябрда ал сотто бөгөт чарасы каралып жатканда күнөөсүн моюнуна албай турганын айткан. Пара деп айтылып жаткан акча университет ачуу долбооруна салынган инвестиция экенин журналисттерге билдирген.

Тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толтурганы, өнөкөт ооруларга чалдыкканы, туруктуу жашаган жери, жашы жете элек төрт баласы бары, тергөөгө тоскоолдук кылбай
турганы эске алынып, октябрь айынын ортосунда анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG