Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:38

Акылбек Жапаров электр энергиясына таңкыстык күчөгөнүн билдирди


Акылбек Жапаров Ысык-Көл районунда.
Акылбек Жапаров Ысык-Көл районунда.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда калк 2022-жылы 15,9 млрд. кВт/саат электр энергиясы колдонсо, быйыл 17 кВт/саат электр жарыгы керектелерин билдирди.

Бул тууралуу өкмөт башчы 5-апрелде Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында кубаттуулугу 300 МВт күн электр станциясын курууга капсула салуу иш-чарасында айтты.

Күн нурунан энергия алчу станцияны кыргызстандык “Бишкек Солар” жана орусиялык “Юнигрин энержи” компаниялары ишке ашырат. Инвестициянын көлөмү 300 млн. доллар болот.

“Жети ири, 20дан ашык чакан ГЭС, эки чоң ЖЭБ өндүргөн электр энергиясы таптакыр эле жетпей калды. Дефицит 2,8 млрд. кВт/саат электр жарыгын түзүүдө. Биз аны импорт кылып сатып алып жатабыз”, - деди Акылбек Жапаров.

Кыргызстан менен Орусия 2023-2024-жылдагы жылуулук сезонунда 875 млн. кВт. саат электр энергиясын импорттоо боюнча макулдашууга кол койгон.

Өлкөдө өндүрүлгөн электр жарыгы калктын керектөөсүнө жетпегендиктен, Кыргызстан жыл сайын Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG