Казак мажлисинин бир катар депутаттары “Петропавловксидеги жикчилдикке байланыштуу” Орусияны сындаганы үчүн соттолгон активисттер Данат Намазбаев менен Маргулан Боранбайдын ишин кайра карап чыгууга чакырды. Бул тууралуу 5-апрелдеги пленардык жыйында белгилүү болгонун "Азаттыктын" казак кызматы жазды.
Депутат Ермурат Бапи башкы прокурор Берик Асыловго кайрылып, "биздин мамлекеттин намысын коргогон патриоттор Данат Намазбаев менен Маргулан Боранбай улут аралык жек көрүүгө шыкактоо үчүн беш жылдан абакка кесилген" деп айтты.
Бапи "аларды жикчилдик фактыларын козгогону үчүн абакка отургузушту" деген пикирин ортого салып, "эмне себептен бир өлкө өзүнүн саясат талдоочуларына эскертүү да кылбайт жана аларды "орус патриоттору" деп атайт, биздин өлкө элинин кызыкчылыктарын жактагандарды түрмөгө салат?" деген суроо узатты.
Дагы эки мыйзам чыгаруучу да ушундай билдирүү жасады.
Социалдык тармактарда бир нече кишинин тобу Петропавловск шаарынын "элдик кеңешине" бириккени тууралуу видео тарагандан кийин мартта Түндүк Казакстан облусунун полициясы териштирүү баштаган.
Видеодогулар "элдин жашоо-турмушу үчүн жагымсыз шарттардын түзүлүшүнөн" улам "биздин мүлкүбүздү жана ресурстарыбызды башкаруу системасынын бардык уюштуруучуларына жана кызматкерлерине ишенбөөчүлүк жарыялайбыз" деп билдиришкен. Топ "Казакстан Республикасынын корпорациясынын укуктук негиздери жасалма" деген, "суверендүү Казак ССРинин айныксыз аймактык бүтүндүгү" тууралуу айткан.
Көптөрү муну жикчилдикке чакырык катары сыпатташты. "Элдик кеңеш" мындай айыптарды четке кагууда.
Мажлис депутаттары ошондон кийин топтун аракеттерин текшерип чыгууну Башкы прокуратурадан сураган.