Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Орусия: үч күндө жүздөн ашуун кыргыз жараны чыгарылды


Сахароводогу миграция борборунда кезек күткөн мигранттар. 2022-жыл.
Сахароводогу миграция борборунда кезек күткөн мигранттар. 2022-жыл.

Орусиянын Сахароводогу миграция борбору аркылуу үч күндө Москва жана Москва облустарында жашап, иштеп жүргөн 136 кыргызстандык мигрант депортация болду.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү кыргызстандык мигранттар ЕАЭБге мүчө мамлекеттин жараны катары мурдагыдай эле шартта иштеп жатканын, орус бийлиги миграция мыйзамдарын бузгандарды өлкөдөн чыгара баштаганын билдирди.

"Базада жоксуң деп бир күн кармашты"

Кыргызстандык мигрант Илгиз Сапарбаев Москвада өзү жашаган батирде мыйзамдуу каттоодо турганына карабай полиция айып пул салганын билдирди:

"Мен жашаган батиримде регистрация болгом. Үйдүн кожоюну экөөбүз былтыр ноябрда Орусиянын ИИМине караштуу миграция боюнча башкы башкармалыгына барып, талаптагыдай мыйзамдаштырып келгенбиз. 29-мартта көчөдө баратсам, полиция токтотуп, "каттооң базада жок экен" деп 5 миң рубль сурады. "Базада бар, мен мыйзамдуу тургам" деп, акча бербей койдум. Полиция бөлүмүнө алып барып, бир күн камап койду. Эртеси күнү 5 миң рубль айып салып, кое берди. Батирдин кожоюнун ээрчитип кайрадан ФМСке барсак, каттоом базада бар экен. Кечээ кайра полиция бөлүмүнө барып, "базада бар экен штрафты өчүргүлө" десем, дагы карашты. Чын эле базада жок экен, жашаган батириме коюлуп, кайра чыгарылып калыптырмын. Эми кайра ФМСке барып териштирем же чек арадан чыгып келишим керек".

Илгиз күнүнө 11 саат, жумасына алты күн иштеген мигрант үчүн кайра-кайра Федералдык миграция кызматына каттоого, ары-бери жүрүүгө убакыт менен каражат чектелүү экенине кейиди.

Мекенине күчтөп кайтарылган кыргызстандык 136 жарандын ар бирине кеминде 3-5 миң же 10 миң рублден айып салынганын Москвадагы мигранттардын "Ноокат" коомунун жетекчиси Толкунбай Акматов "Азаттык" радиосуна маалымдады.

Толкунбай Акматов
Толкунбай Акматов

"Алардын чыгарылышына негизги себеп - жашаган жерине убактылуу каттоого туруу боюнча мыйзамды бузганы. Дагы деле ушул маселе. Мурда мигранттарды түрдүү объектилерге "каттап" кое беришчү. Мончо, дүкөнгө деле катталган учурлар болчу. Былтыр сентябрдан тартып, анын баарына тыюу салынды да, турак жайга үч айга гана каттоого уруксат берилген. Шарты да катаалдашкан. Анткени, көпчүлүк кожоюндар батирине мигранттарды каттоого тургузууга уруксат бербей койгон. Уруксат бергендери үч айга эле каттайт. Үч айдан кийин кайрадан чек арадан чыгып, кайра кирип, дагы каттоого турууга уруксат сурап, кожойкелерге жалдырамай башталат".


Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кубандык Акматбеков мигранттарды жапырт чыгаруу жүрүп жатат деген сөздү четке какты.

Анын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, миграция мыйзамдарын бузгандарды өлкөдөн чыгаруу кадимки эле иш процесси.

Кубандык Акматбеков
Кубандык Акматбеков

"Ооба, өткөн аптада кыска убакытта кыргызстандык 136 мигрант Орусиядан чыгарылды. Аларга жолуна билетти Федералдык миграция кызматы сатып берген. Алардын баары миграция мыйзамдарын бузганы үчүн түрдүү мөөнөткө кайра кире албай турган болуп, сот чечими менен чыгарылды. Биздин өкүлчүлүктүн кызматкерлери Сахароводогу миграция борборуна жума сайын барып, анда кармалып турган кыргызстандыктардын абалы менен таанышып турат. Ал жерде миграция мыйзамын бузган орточо жүздөй кыргызстандык кармалып турат. Бир нечеси улам сот чечими менен өлкөдөн чыгарылса, алардын ордуна кайра эле башкалары келет дегендей. Кээде 5-10 киши, кээде минтип жүздөн ашуун адам сот чечими менен чыгарылат. Бул жолу үч-төрт күн ичинде убактысы келген 136 адам сот чечими менен Орусиядан чыгарылды. Бул күнүмдүк процесс. Ушул тапта дагы Сахароводо жүздөй кыргызстандык жаран түрдүү себептер менен кармалып турат".

Кубандык Акматбековдун "Азаттыкка" билдиришинче, миграция мыйзамдарын: эмгек келишимин, жашаган жерине каттоо, бармак изин тапшыруу, медициналык жана башка текшерүүдөн өтүү сыяктуу талаптарды аткарбай же бузган журтташтар Орусиядан чыгарылууда.

Каттоо маселеси

Былтыр сентябрда Орусияда мигранттардан эмгек келишимин, жашаган жери боюнча миграциялык каттоону, медициналык кароодон, дактилоскопиялык текшерүүдөн өтүүнү талап кылган эрежелер күчүнө кирген.

Кыргызстандыктар миграциялык каттоого туруу - негизги маселе бойдон калып жатканын айтып, даттанышууда.

Активист мигрант Толкунбай Акматовдун "Азаттыкка" маалымдашынча, айрым мигранттар эмгек келишимин сатып алгандыктан, жашаган жерине мыйзамдуу катталганы да "базадан" өчүп калууда.

"Мигранттарыбыз эмгек келишимин бир күндүк фирмалар аркылуу сатып алат. Көп өтпөй эле ал убактылуу фирмалар жабылат да, алардын эмгек келишими жокко чыгат. Аны менен кошо жашаган жерине мыйзамдуу түрдө турган каттоосу да жокко чыгат. Аны мигрант өзү да билбей калат, анан кожоюнуна "чыгарып коюптур" деп капа болот. Муну биздин бийлик орус бийлиги менен сүйлөшүп, башкача чечип берсе жакшы болмок. Былтыр августта чек арадан чыгып кайра киребиз деп, бир автобус мекендешибизден ажырап калдык. Мындай кайгылуу окуялар улана бериши мүмкүн".

Кырсыкка кабылган кичи автобус. Орусия. 21-август, 2022-жыл. Сүрөт Кубанычбек Эркинжан уулуна таандык.
Кырсыкка кабылган кичи автобус. Орусия. 21-август, 2022-жыл. Сүрөт Кубанычбек Эркинжан уулуна таандык.

Былтыр 21-августта Ульяновскидеги катуу жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14ү кыргыз жараны экени такталган.

Каза болгон 14 адамдын ичинен бешөө Баткен, бешөө Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары болгон. Аварияга учураган кичи автобустагы кыргызстандыктар "кирди-чыкты" талабынан улам орус-казак чек арасына келип, кайра кайтып баратышканы кабарланган.

Москвадагы кафеде 60 адам кармалды

Үч-төрт күндө 136 кыргызстандык Орусиядан чыгарылганы тууралуу маалыматты улай эле, 4-апрелде Москванын Ильичтин аянты аймагындагы "Ош" кафесинде ооз ачарга чогулган 60 чакты кыргызстандык мигрант кармалганы кабарланды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" кармалган жарандардын бири, өзүн Амир деп тааныштырган адам 5-апрелде түштөн кийин маалымдады.

"Бизди 4-апрелде ооз ачып жетише элегибизде полиция келип басты. Ошол боюнча тамак жедирбей, Таганскийдеги бөлүмгө алып келишти. Азыркыга чейин наар албай отурабыз. Аялдар дагы бар. Баарыбыз бир жерде, чогуу кармап турушат".

Тышкы иштер министрлиги кармалган жарандардын документтери текшерилип, баары тең кое берилгенин билдирди.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин билдирүүсүндө, кармалгандар тамак-ашсыз жана суусуз калганы тууралуу маалыматтарды четке каккан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылы Орусиянын Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесинен” 47 миң кыргыз жараны чыгарылган. Министрликтин маалыматына ылайык, 2021-жылдын күзүндө Орусия 74 миң кыргызстандык жаранга кирүүгө тыюу салганын билдирген.

"Кара тизме" бир нече категориядан турат. Оор кылмыштар жана олуттуу мыйзам бузууларга айыпталган чет өлкөлүктөргө Орусияга кирүүгө биротоло тыюу салынат. Административдик мыйзам бузгандардын көбү үч-беш жылга чейин өлкөгө кире албайт.

Жети миллион калкы бар Кыргызстандын 1,5 миллиондой жараны азыркы тапта чет мамлекеттерде эмгек мигранты болуп жүрөт, алардын басымдуу бөлүгү Орусияда.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG