Ноокенде милиция кызматкеринин өлүмү иликтенүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунда инкассатордук кызматта иштеген милиционердин өлүмү иликтенүүдө. “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынан билдиришкендей, окуя 15-майда Ноокенде болду, милиционер өзүн өзү кызматтык куралдан аткан деп божомолдонууда.

Анын сөөгү инкассатордук машинанын ичинен табылган. 24 жаштагы кызматкер ИИМдин Күзөт кызматында иштеп жатканына үч жылча болгон.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө тарап жаткан маалыматка караганда, ал кесиптештери менен чогуу объектилердин бирине накталай акчаны жеткирүү үчүн барган, бирок өзү имаратка кирбей, машинада калган.

Инкассатор болуп иштегендер түрдүү окуяларга кабылган, аларга кол салуу болгон, өлүм менен аяктаган окуялар буга чейин да катталып келген. Ноокендеги окуяга эмне себеп болгону белгисиз. (TB)

Дагы караңыз

Украина: Зеленскийдин Европа сапары, фронттогу жүрүшГрузия орусиялык авиакомпанияга жүргүнчү ташууга уруксат бердиҮч муундун акындары: "Бийик турат ырыбыздын тагдыры"Блогер Жекшеналиевдин иши: Соттук териштирүү уланмай болду